![Sapargul Abdinabieva](/img/default-banner.jpg)
- 32
- 1 316 355
Sapargul Abdinabieva
United Kingdom
Приєднався 3 сер 2023
Атым Сапаргүл, мен китептерди абдан жакшы көрөм. Учурда Британияда дүйнөнүн эң алдыңкы университеттеринин биринде магистратура окуп жатам. Бул менин үчүнчү жогорку билимим. Окуудан, жазуудан, пландоодон, бөлүшүүдөн ырахат алам.
Бул каналда билим алуу, өзүн өстүрүү, менталдык-физикалык бакубаттык, куунак жашоо сыяктуу ар бирибизге маанилүү болгон темалардын айланасында сөз кылам. Негизгиси, өзүм окуган англис, кыргыз, орус, түрк тилдүү китептердеги маалыматтарды жана тажрыйбаларды жашообуздун түрдүү багыттарына ылайыктап, жөнөкөй тилде айтып берем.
Максатым- кыргыз тилибизде жакшы контент жаратуу жана башкаларга көмөктөшүү.
Ишеним көрсөткөнүңүзгө жана колдооңузга рахмат.
Урматым менен,
Сапаргүл.
Бул каналда билим алуу, өзүн өстүрүү, менталдык-физикалык бакубаттык, куунак жашоо сыяктуу ар бирибизге маанилүү болгон темалардын айланасында сөз кылам. Негизгиси, өзүм окуган англис, кыргыз, орус, түрк тилдүү китептердеги маалыматтарды жана тажрыйбаларды жашообуздун түрдүү багыттарына ылайыктап, жөнөкөй тилде айтып берем.
Максатым- кыргыз тилибизде жакшы контент жаратуу жана башкаларга көмөктөшүү.
Ишеним көрсөткөнүңүзгө жана колдооңузга рахмат.
Урматым менен,
Сапаргүл.
Британиянын жайкы календарынын эң маанилүү окуясы кандай өтөт?
Бүгүнкү видеомду Британияга королдук үй-бүлө катышкан, кылымдар бою уланып келе жаткан Royal Ascot иш-чарасы тууралуу айтып берем.
Бул видео формат мен үчүн жаңы. Сиздерге жакса пикир калтырып койсоңуздар болот, мындан ары да ушундай видеолорду жасоого аракет кылам.
Видеомо лайк басып, каналыма катталып алсаңыз кубанычта болом.
Урматым менен,
Сапаргүл.
Бул видео формат мен үчүн жаңы. Сиздерге жакса пикир калтырып койсоңуздар болот, мындан ары да ушундай видеолорду жасоого аракет кылам.
Видеомо лайк басып, каналыма катталып алсаңыз кубанычта болом.
Урматым менен,
Сапаргүл.
Переглядів: 19 577
Відео
Интеллектти өнүктүрүүнүн 5 илимий жолу
Переглядів 19 тис.День тому
Бүгүн көпчүлүгүбүздү кызыктырган жана жашообузда жок дегенде бир ирет ойлонуп көргөн суроонун айланасында кеп кылдым. Атап айтканда, “Кантип акылдуураак болуу мүмкүн?” деген теманы илимий изилдөөлөрдүн негизинде бир нече ыкма аркылуу айтып берүүгө аракет жасадым. Видеом сизге пайдалуу болсо лайк басып, каналыма катталып алууңузду суранам. Көргөн убактыңыз үчүн чооң рахмат. Урматым менен, Сапаргүл.
Англис тилин кантип бат үйрөнсө болот?
Переглядів 48 тис.14 днів тому
Англис тилин билүү- заманбап дүйнөнүн башкы муктаждыктарынын бири. Ал бизге коммуникациялык эркиндикке, мүмкүнчүлүктөрдүн масштабын кеңейтип, дагы өсүп-өнүгүүгө, финансылык абалды жакшыртууга жана аздыр-көптүр ички канааттанууга алып келген курал. Бүгүнкү маалыматтык видеомдо англис тилин үйрөнүп, магистратурада окууга чейин жеткен жеке тажрыйбам жана дүйнөлүк полиглоттордун натыйжалуу методдор...
50 000$ стипендияны кантип жеңип алдым?
Переглядів 54 тис.21 день тому
Мурда эл арасында ар кандай мисалдардан улам байлардын, колунда барлардын балдары жакшы жердеп окуп, иштейт деген ишеним көбүрөөк болчу. Бирок биз чоңойгон сайын улам турмуш чындыктары алмашып, азыр билимге умтулган жаштарга кайда болбосун ири-кичи мамлекеттер, бийлик, эл аралык уюмдар, ишкерлер чоң көлөмдөгү инвестиция салууга даяр болгон мисалдар миңдеп саналат. Бүгүнкү маалыматтык видеомдо ж...
Таңкы 4тө ойгонуу кандай натыйжа берет? | Сапаргүл Абдинабиева
Переглядів 128 тис.Місяць тому
Таңкы 4тө ойгонуу кандай натыйжа берет? | Сапаргүл Абдинабиева
Финансылык эркиндик тууралуу китептер эмне дейт?
Переглядів 24 тис.2 місяці тому
Билсеңиздер керек, эгерде мен кайсы бир темада сөз кылып жатсам, бул мен ошол темада адис же эксперттимден кабар бербейт, тескерисинче менде ошол багытта кандайдыр бир суроо же маселе жаралып, аны илимий булактардан, китептерден таап окуп, анан алган маалыматтарым же келген тыянактарым тууралуу бул каналда бөлүшөм. Финансыны башкаруу мага ушундай темалардын бири, бул багытта 20дан ашык китеп ок...
Жашооңузду өзгөртүүгө бир кадам/ Илимий маалымат
Переглядів 40 тис.3 місяці тому
Ар бир адам өз жашоосунда албан-албан кыялдарга умтулуп, каалоолоруна жараша улам жаңы максаттарды көздөй жашайт. Бирок, аларга жетүү же биз күткөндөй натыйжаларга ээ болуу дайыма ийгиликтүү боло бербейт. Бүгүнкү маалыматтык видеомдо заманбап дүйнөнүн адамдары үчүн фокус жана концентрациянын маанилүүлүгү жана ал үчүн биз кандай аракет көрсөк болорун Джорджтаун университетинин профессору Кэл Нью...
Китеп окуу мээге кандай таасир этет?/ Илимий изилдөө
Переглядів 15 тис.3 місяці тому
«Сүйлөрдөн мурда ойлон, ойлонуудан мурда оку», - бул сөз китеп окуунун адамдын оюна, сөзүнө, көз-карашына тийгизген таасири эбегейсиз экенин ачыктаган мазмундуу ой деп ойлойм. Биз бала кезден тартып эле «китеп оку» деген кеңешти айланабыздан көп ирет укканыбыз менен, аны илимий негизде түшүнгөн учур сейрек. Бүгүнкү маалыматтык-видеомдо китеп окуу адамдын мээсине кандайча таасир этерин айтып бер...
Эс тутумду кантип жакшыртабыз? / Илимий изилдөө
Переглядів 67 тис.4 місяці тому
«Ачкычты кайда койдум эле, таанышыңыздын аты ким эле, курбумдун туулган күнүн унутуп калыпмын...» Бул унутуу-эстей албоо аракттери сизге тааныш болсо анда бүгүнкү маалыматтык-видеом сиз үчүн. Бул ирет мен америкалык нейробиолог жана илим изилдөөчү Lisa Genova нын “Remember” аттуу китеби жана анын башка дагы илимий изилдөөлөрүнө таянып, эс тутумумубузду кантип жакшыртуу мүмкүндүгү тууралуу айтып...
Атамдын 5 кеңеши жакшы жашоомо кантип жардам берди?
Переглядів 26 тис.4 місяці тому
Адам белгилүү бир кыялдарына жеткенде артты бир карап, "Кечээ ким элем, бүгүн ким болдум?, Ушу жерге кантип келдим?" деген сыяктуу суроолорго анализ жасап, айланасындагыларды мурдагыдан да баалап калат экен. Анын сыңары, мен да Британияда дүйнөнүн билимдүү жаштары менен магистратура окуп жатып, ушуга жеткен баянымды көп эстейм. Ушул билим жолумдагы мыкты жолоочуларым, жашоомдогу эң баалуу адамд...
Сиз жеген тамак мээңизге кандай таасир этет?/ Илимий маалымат
Переглядів 22 тис.5 місяців тому
Биз күндөлүк жашоодо жеген тамак-ашыбыз менен мээбиздин иштешинин ортосундагы байланыш кандай, тамак сиңирүү процесси денебизде кандайча ишке ашат, кандай тамактар бизге пайдалуу жана эмне үчүн деген сыяктуу бир нече суроолорго китептердин негизинде жооп берүүгө аракет кылдым. Маалыматтык-видеом сизге жаккан болсо лайк басып, комментарий калтырыңыз- бул менин каналымдын туруктуулугуна чооң көмө...
Ар бир ата-эне билиши керек болгон 5 учур
Переглядів 30 тис.5 місяців тому
Британияга магистратурага окууга келгенге чейин соңку бир нече жыл карьерамдын бир бөлүгү катары эл аралык уюмдарда “Балдардын бакубат жетилүүсү” багытында эксперт катары иштедим. Ченеми жок бул масштабдуу маалыматтардын арасынан эң маанилүү жерлерин өзүм үчүн жазып алып, убак-убагы менен аларга үңүлүп, окуп турууну адат кылгам. Бүгүнкү маалыматтык-видеомдо мына ошо ресурстардын бир четин сизде...
Уйку тууралуу биз билбеген фактылар | Илимий маалымат
Переглядів 146 тис.5 місяців тому
Адамдын менталдык, эмоционалдык бакубаттагына байланыштуу кандай китеп окубайын сөзсүз уйку адатын жөндөө кеңеши сап башында келет. Биз эң акыркы планга калтырган, эч маанисиз көргөн уйку биздин жашообузда эмне үчүн ушунчалык чоң мааниге ээ? Адам уктап жатканда организминде кандай процесстер жүрөт? Бул суроолорго илимий изилдөөчүлөрдүн китептери аркылуу жооп издедим. Бүгүнкү маалыматтык-видеом ...
Өзүн өнүктүрүүнү эмнеден баштоо керек? | 5 кадам | Сапаргүл Абдинабиева
Переглядів 61 тис.6 місяців тому
#Сапаргүл_Абдинабиева Өзүн өнүктүрүү- бул адам баласынын табигый умтулуусу. Муну эске алып, окурмандарымдын өзүн өнүктүрүү боюнча байма-бай суроолорун, аракетин, изденгенин көз жаздымда калтырбай, бүгүн маалыматтык-видеомду дал ушул темага арнадым. Өз жолун издеп жаткан окурмандарыма же алардын жакындарына эмгегимдин жардамы тийер деген тилегим бар. Колдооңуздар жана убактыңыздар үчүн рахмат. У...
30 жашка чейин жасаган эң чоң 7 катам
Переглядів 32 тис.6 місяців тому
Улам жашаган сайын, улам окуган сайын өткөн чакка да, учур чакка да, келечекке да анализ жасап, ага карата адаттарыңды, максаттарыңды бекемдеп, бышыктап отурат экенсиң. Соңку жылдары жашоо образымда, адаттарымда чоң өзгөрүүлөр болуп, алар мени дагы сапаттуу, аң-сезимдүү, бакубат жашоого алып келе жаткансыйт. Мына ошол жашоодогу жана окуган китептеримдеги маалыматтарыма таянып, улам жаңы бир тем...
Балам 3 жашта 3 тилди кантип үйрөндү?
Переглядів 51 тис.6 місяців тому
Балам 3 жашта 3 тилди кантип үйрөндү?
35-40 жашка чейинки продуктивдүүлүк
Переглядів 25 тис.7 місяців тому
35-40 жашка чейинки продуктивдүүлүк
Убакытты башкаруунун 6 жолу/ Дүйнөлүк практика
Переглядів 30 тис.7 місяців тому
Убакытты башкаруунун 6 жолу/ Дүйнөлүк практика
Депрессиядан кантип чыгабыз? / 5 илимий ыкма
Переглядів 25 тис.8 місяців тому
Депрессиядан кантип чыгабыз? / 5 илимий ыкма
Чет өлкөдө бекер окугуңуз келеби? / 7 стипендиянын тизмеси
Переглядів 13 тис.8 місяців тому
Чет өлкөдө бекер окугуңуз келеби? / 7 стипендиянын тизмеси
Эрте тургандын этеги алтынга толот | Сапаргүл Абдинабиева
Переглядів 114 тис.8 місяців тому
Эрте тургандын этеги алтынга толот | Сапаргүл Абдинабиева
Британияда магистратура: суроолорго жооп | Сапаргүл Абдинабиева
Переглядів 17 тис.8 місяців тому
Британияда магистратура: суроолорго жооп | Сапаргүл Абдинабиева
Дүйнөнүн алдыңкы окуу жайына магистратура окууга келдим
Переглядів 55 тис.9 місяців тому
Дүйнөнүн алдыңкы окуу жайына магистратура окууга келдим
Эмне үчүн англис тилин билишибиз керек? | Сапаргүл Абдинабиева
Переглядів 11 тис.9 місяців тому
Эмне үчүн англис тилин билишибиз керек? | Сапаргүл Абдинабиева
Үйдүн ирээттүүлүгү- ойдун ирээттүүлүгү
Переглядів 66 тис.9 місяців тому
Үйдүн ирээттүүлүгү- ойдун ирээттүүлүгү
Мен англис, орус, испанча, италянча, түркчө эркин сүйлөйм. Жана кытай тилин университетте 6 жыл окудум. Азыр Панамада жашайм бул жакта испан тилдүүлөр жашайт. Практика жок болгондуктан кытай тилин унутуп калдым. Калган тилдерди күнүмдүк жашоодо колдонгондуктан эркин баарлашам. Негизи кыргыздар башка тилдерди үйрөнүүгө өтө жөндөмдүү келебиз. Сапаргүл эже, сиздин кыргыз тилинде контент жаратуу деген демилгеңиз абдан жакты, өсүп өнүгө бериңиз. Аллах жалпы мусулман бир туугандарымдан ыраазы болсун. Ассаламу алейкум.
Откуда деньги кто финансирует менда жургум келет окуугум келет бирок акча жетишпейт
Ийгилик,
Эң сонун. Ийгилик каалайм!
❤❤❤🎉🎉🎉
Гапыр Мадаминов да энелер мектебин ачкан.Энелерден балага отот экен ар кандай адаттары.Ошон учун Эне билимдуу болуш керек.
Азаматсыныз. Чон ракмат, натыйжалуу ыкмаларды сунуштаганыныз учун
Мен сизди жакшы кором жонокой супсулу айымсыз коп коп видио киргизсениз жакшы болот мен сизди угуп коруп сонун мотивация алам видионузду кутуп кором
Саламатсызбы 1000 созду жатто учун кантип жазыш керек айттып койунузчу
Эжеке номеринизди берсениз суйлөшөлу
You brilliant, great very good sister 😊
Бала тарбиялоо боюнча да коп нерсе билсениз керек Ушул темада да чыгарсаныз ❤
❤❤❤❤
Суктандым❤
Маашаллах Сапаш чогуу барып келгендей сезим калтырды. Ийгилик каалайм. Бекутай менен бар болгула. Биз силерди жакшы коробуз❤
Кудайга шугур азыр англис тилинен upper intermediate денгээлине жетип калдым, азыр англис тилинде чет элдиктер менен эркин суйлошуп калдым, бирок англис тилинде суйлогонго конуп алып эми орус тилин уйронуш бир аз кыйын болуп жатат.
Жуксун,жуксун.Азаматсыз
👍👍👍 рахмат
Супер❤
Сапаргүл айым, сүйлөгонүңүз бир сонун уккулуктуу экен.
Маа шаа Аллах кандай сонун ❤
Азыркы кезде эң соонун маалымат,туура багыт болду 👍Дагы да пайдалуу маалыматарды күтөбүз
Ар Бир сабакты конспект кылыш керек экен...❤❤❤❤
❤❤❤❤❤
Сапаргул эже уйдо бала менен отурган айымдарга кандай кенештерди берет элениз? Кантип мотивация алып, кантип окуса болот. Анткени коп учурда бизде билим алууга кеч болуп калды деген сыяктуу ойлор коп келет ,
Саламатсыздарбы Менде да азыр стресстемин куйөөм ажырашам деп Мени кыйнап атат еки балам бар өтө кыйын жагдайдамын 13жылдан бери бала менен уйдөмун жолдошум жумуш иштеп багып жургөн балдарымдын бири зппр азыр куйөөм екөөбуздун арабыз сууп кетти ал Москвада иштеп журөт 3жылдан бери семьямды бузгум келбейт жумушка чыгайын десем адамдар менен аралаша албай калдым курбуларым да жок жолдошум еч ким менен аралаштырбайт Эле кандай кылсам деген ойдо отурам
Сонун❤❤❤❤
Сиз мага ото сонун мотивация бердиниз. Рахмааат чоон❤
Рахмат сизге ❤
Аябай баалуу маалымат учун рахмат сизге ❤
Рахмааат сизге, аябай пайдалуу, кымбат маалыматтарды бекер болушкондугунуз учун❤
Oh Thenk you a strong girl❤
🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤😘😘😘😘😘😘😘
Азаматсыз, кенештеринизге рахмат. Кеч болсода тил уйронгум келет.
❤🎉
Улан Эгизбаев,жон кызды албаптырда, бактылуу болсун
Азаматсың! Сендей билимдүү кыргыздын кыздары көбөйө берсин!
Көз тийбесин, өтө татынакайсыз❤❤❤❤
Өзгөчө видео болуптур
Улан байке болгондо гана эле макул Эми тагдырга баш ийебиз эн негизгиси кичинекей Улан бар жанынызда.
Кыйынды кыйын деш керек,азаматсыз🎉❤👏🏻
❤🎉🎉🎉🎉🎉
Азаматсын Сапаргул.алга кадам таштай бер...турмуш улана берет экен...уулун менен бактылуу бол.сен да бактылуу болгонго татыктуусун...Улан олгон жок..анын жолдорун сен улантып жатасын..бар бол.бай бол алтын кыз❤❤❤
❤❤❤❤❤
Азаматсың Сапаргул!
Сонун! Ишине ийгилик!
Сонун🎉❤😊
Кыйын гениий Кыз экенсин аракетчил Жан дуйно таза ❤
Thanks you are very beautiful
Сонун